БШКга президентикке ат салышууга эки талапкерден арыз келип түштү
Бөлүшүү:
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, 1953-жылдын 31-августунда туулган, «Улуу чындык» коомдук фондусунун төрагасы Таласбаева Токтобүбү Тентиевна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү маалымдады.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 13-октябрында туулган, «Дос Береке-1» ЖЧКнын консультанты Токтосунова Дамира Маданбековна арыз менен кайрылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content4208
Добавить комментарий ×