Ажыга барчуларды окутушат
Бөлүшүү:
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Чүй облусундагы ажыга барчу жарандарды окутууну баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашты.
Учурда Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Кант жана Александровка айылынан ажылыкка бара турган жарандарга ажылык зыярат боюнча сабактарды өтүүдө.
Сабактар ар бир борбордук мечиттерде атайын проектордун жардамы аркасында интеррактивдүү ыкмада практикалык тапшырмаларды аткартуу менен сабактар өтүлүп, ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык ихрам кийимдерди эрежеси менен кийүү, Курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын машакаттарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны таваф кылып айлануу эрежесин, ажылык зыярат учурунда ибаадат жасоону шариат көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Арабия мамлекетинин ажылык учурундагы коюлган эреже тартиптерин тереңдетип үйрөтүүдө.
Ошондой эле Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы ажылык учурунда убакытты так сактоо, ажы башчыга баш ийүү, амалдарды аткарууда сабырдуу, маданияттуу жана жоопкерчиликтүү болууга үндөөдө. Равшан ажы Эратовдун айтымында окутууларды ар бир зыяратчы толук түшүнүп, өздөштүрө турган болсо бул жылдагы ажылык сапарды уюштуруу бир топ алдыга жылмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content4201
Добавить комментарий ×