Өзбекстанда тергөөчүлөр суракка алынган кишинин бутун сындырышты
Бөлүшүү:
Жизак облусунун Заамин районунда милиция кызматкерлери сурак учурунда 38 жаштагы жарандын бутун сындырышкан. Анын согончогун резина союл менен чабышып, сөөктөрүнөн жараңка кетиришкен. Бирок Заамин РИИБи бул окуя милиция бөлүмүндө катталбаганын билдирүүдө. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.
Заамин районундагы Ём айлынын жашоочусу, көрүстөн казып иштеген Акмал Хасанбоев 27-июнда кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери кармап кетишкенин айтты. Милиция бөлүмүндө ага кыйноолор көрсөтүлгөн:
– Милициянын төрт кызматкери күч менен кармап турушту, дагы экөө токтоосуз резина союл менен согончокко чаап жатышты. Алар моюнумду сындырып, түрмөгө отургузуп, өлтүрөбүз деп коркутушту. Тергөөчүлөр маңзат сатарымды моюнга алуумду талап кылышты. Катуу ооруга чыдабай, эсимден танып калдым, – деди Акмал Хасанбоев.
Ташкентте Акмалдын сынган бутуна операция жасалды. Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары Өзбекстанда тергөө маалында кыйноо фактлары көп болорун белгилеп келишет.
blob:https://www.centralasian.org/7c11d51e-c96f-45ec-99de-e67c1442d6ea
Ссылка: https://barometr.kg/content4200
Добавить комментарий ×