Бишкекте эки жумушчу 9-кабаттан кулап түштү

19 июль 2017 17:27 547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан эки жумушчу кулап түштү. Анын бирөө окуя болгон жерде жан берди, экинчиси ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты “Тез жардам” кызматы “Азаттык” радиосуна ырастады. Кырсык тууралуу кенен маалымат айтылган жок.

Социалдык тармактын колдонуучулары окуя Түштүк магистрал менен Садырбаев (мурдагы Баха – авт.) көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун жана жумушчулар коопсуздук чаралары сакталбаган шартта иштеп жатышканын жазышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4176



Добавить комментарий