“Ислам мамлекети” террордук кыймылы Стамбулдагы кыргынды мойнуна алды
Бөлүшүү:
Жаңы жыл түнү Стамбул шаарындагы өтө популярдуу деп эсептелген “Reina” түнкү клубуна кирип элди автомат менен аткылап салган терракты Ислам мамлекети”-террордук тобу өз мойнуна алып кылмыш жасагандарын “The Wall Street Journal” сайты аркылуу билдиришти. 39 адамдын күнөөсүз жерден жанын алып, 70ке жакын адамды оор жаракат алдырган бул кырсыкты түрк бийлиги өтө оор кабыл алды. Болжолдуу түрдө чыккан маалыматтарга таянсак элди аткылаган жаран Кыргызстандын же Өзбекстандын жараны деп билдирип жатышат. Бирок КРнын тышкы иштер министрлиги мындай болууга мүмкүн эместигин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content417
Добавить комментарий ×