Премьер-министр Токтогул районунда иш-сапары менен жүрөт

19 июль 2017 12:25 497 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда иш-сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы бир катар инфратүзүмдүк жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Токтогул районундагы ички жолдорду куруу боюнча жүрүп жаткан иштердин абалын көрөт.

Мындан сырткары Жээнбеков жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, электр энергиясын пайдалануу боюнча маселелерди талкуулайт.

Иш сапар алкагында Бишкек-Ош жолунун абалы менен да таанышуу каралган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4158



Добавить комментарий