Диктор болуп иштеген Рахмондун кенже кызы банктын төрага орун басары болду

19 июль 2017 10:46 583 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кыздарынын бири Зарина Рахмон өлкөдөгү ири банктардын бири "Ориёнбанктын" төрага орун басары болуп дайындалды.  Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Аталган банкты анын бир тууган таекеси, белгилүү ишкер Хасан Асадуллозода жетектейт.

23 жаштагы Зарина Рахмон бул кызматка жыл башында дайындалган.

Президенттин алтынчы кызы Британиядагы колледждердин бирин бүтүрүп, 2010-жылы эки айдай Тажикстандын мамлекеттик телеканалында англис тилинде жаңылыктарды окуган диктор болуп иштеген.

2013-жылы тажик өкмөтүндөгү Байланыш кызматынын төрагасы Бега Сабурдун уулу Рамз Зухуровго турмушка чыккан.

Рахмондун улуу кызы 39 жаштагы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин администрациясын жетектейт. Президенттин уулу 29 жаштагы Рустам быйыл Душанбе шаарынын мэри, кийинчерээк шаардык кеңештин да башчысы болуп дайындалган.

Рахмондун дагы бир кызы Рухшон Рахмонова 2016-жылы ноябрь айынан бери Тажикстандын тышкы иштер министрлигинде Эл аралык байланыштар башкармалыгынын орун басары болуп иштейт.

1992-жылдан бери Тажикстанды башкарып келаткан Рахмондун 9 баласы бар.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4148



Добавить комментарий