Абага көтөрүлгөн учак жердеги адамды бетонго согуп өлтүрдү
Бөлүшүү:
Кариб деңизиндеги Сен-Мартен аралында кайгылуу окуя болуп өттү. “Ханыша Юлиана” атындагы эл аралык аэропортунан абага көтөрүлүп жаткан учак жаңы зеландиялык аялды бетонго согуп өлтүрдү. Бул тууралуу “Life.ru” сайты кабарлайды.
Жергилүктүү полициянын маалыматы боюнча, 57 жаштагы аял аба майданынын кашаасына сүйөнүп, учактын учуп жатканынын карап турга. Ошол учурда абага көтөрүлгөн “Boeing 737” лайнери жердеги адамды учуруп кеткен. Анын кесепетинен турист башы менен бетонго тийген. Аял дароо ооруканага жеткирилгендиги менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Турист аял Сен-Мартен аралына эс алуу үчүн келген.
Эскерте кетсек, “Ханыша Юлиана” атындагы эл аралык аба майданы эң кооптуу аэропорттордун бири. Бул аэропорт адамдар эс алган жээке өтө эле жакын жайгашкан. Көл жээке келгендер учактардын учуп конуусун карап турууну адатка айландырышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content4111
Добавить комментарий ×