Өзбекстандан 6 медаль келди

30 декабрь 2016 10:40 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында өткөн ушу саньда боюнча   Азия чемпионатында  биздин спортчулар алты медаль утуп алышты.  Алардын үчөө алтын, экөө  күмүш жана бирөө коло.  Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын  уушу-саньда боюнча башкы машыктыруучусу  Тагайбек Өмүржанов журналисттерге маалымат таратты.  Жалпысынан бул Азия чемпионатына алты мамлектетен 300дөн ашык спортчу катышкан. Жыйынтыктап айтканда  Азиянын чемпиону болуп, алтын медалды жеңгендер  Дастан Анваров (44 кг чейин), Калмурат Нурдинов ( 48 кг чейин )  жана  Жавахир Урманов (52 кг чейин) ээлешсе, күмүш медалды  Мухаммед Нарынбаев (36 кг чейин ) жана  Диербек Гапиров ( 35 кг чейин) күмүш медаль тагынышты. Ал эми коло медалды  Давранбек Ахмаджанов 65 килограмм салмактагылар арасында утуп алды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content411



Добавить комментарий