Мигранттар медициналык жактан камсыздалат
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги 2017-жылдан тарта башка жарандар сыяктуу эле мигранттар дагы, алардын ичинде кыргыз мигранттары дагы милдеттүү түрдө камсыздандырууга ээ болушат. Россиядагы бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдөн келген мигранттарга 2017-жылдын 1-январынан баштап милдеттүү медициналык камсыздоого ээ болушат. Бажы биримдигинин келишимине ылайык, аталган биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсиядан башка социалдык камсыздандыруулар каралат. Буга чейин кыргыз бийлигинин баш оорусу болуп келген бул маселе ошентип чечилгени калды.
Ссылка: https://barometr.kg/content410
Добавить комментарий ×