Стартаптын инвесторлору 7,5 миллион долларды туура эмес дарекке жөнөтүп алышкан
Бөлүшүү:
Белгисиз адамдар акча которулуп жаткан даректи алмаштырып коюшкан.
“Сингапурлук криптовалюталык “CoinDash” стартабы уурулук болгондугу тууралуу маалымдаган. Анда инвесторлордон акча чогулуп жаткан маалда, сайтты бузушкандыгы тууралуу билдиришкен. “ICO” токендерди жайгаштыруу учурунда белгисиз бирөөлөр акча которулуп жаткан даректи өзгөртүшкөндүгү” тууралуу “Meduza” билдирди.
Инвесторлор алмашылган дарекке 7,5 миллион долларды которуп жетишишкен.
12 миллион доллар которулганча “ICO” 28 күнгө чейин улантылмак. Сайттын бузулгандыгы тууралуу кабар тарагандан кийин токтотулган. “CoinDash” инвесторлорго тез арада которууларды токтотуусун билдирген.
Бул бузулуу да болушу мүмкүн эмес эле эгерде “CoinDash” менчик ээлери тарабынан алдамчылык натыйжасында өзгөртүлгөн.
“CoinDash” – бул инвесторлордун долбоорлор үчүн аянтчасы. “ICO”нун алкагында инвесторлор долбоорлорду өнүтүрүү үчүн токендерди эфириум базасында сатып алышат. Экинчи криптовалютанын баасы жыл башынан бери 48 эсеге өскөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4099
Добавить комментарий ×