Владивостокто дүкөндө 18 жаштагы кыргызстандык күзөтчүнү өлтүрүп кетишти

18 июль 2017 12:12 1096 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Владивосток шаарынын борборунда Кыргызстандан барган жаш жигитти өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу «Новости Владивостока» булагы кабарлады. 

Жекшемби, 16-июлда саат 19дар чамасында дүкөнгө аябай кезек болгон. Мас болуп алган сатып алуучу бир бөтөлкө арак алып кассадан өтүүгө аракеттенген. Аны байкап калган күзөтчү токтотмок болгондо, коомдук тартипти бузган сатып алуучу аны коркуткан. Алар арткы эшикке баскан кезде сатып алуучу күзөтчүнү жүрөк тушка бычак менен сайп качып кеткен.

 Күзөтчү качмак болуп 20 метрдей баргандан кийин жерге кулап ошол жерден жан таслим болгон.

17-июль күнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери 52 жаштагы шектүү адамды кармашты. Ал шаарындн четине качып кетүүго аракет кылган бирок колго түштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content4098



Добавить комментарий