Мас айдоочунун айып пулу көтөрүлөт
Бөлүшүү:
Учурда мас болуп айдап, миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен учурлар күн сайын катталып жатат. Мына ушуну алдын алыш үчүн атайын депутаттар тарабынан мыйзамдар сунушталууда. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянованын сунушуна таянсак учурдагы мас болуп айдаган айдоочулардын 100 сомдук айып пулун 50 000 сомго чейин көтөрүүнү айтууда. Мындан сырткары эгерде мас болуп айдап кимдир бирөөнүн кырсыкка учурашына себеп болсо эки жылдык айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 10 миң сомдук айып пул салынышы керек. Мындай мыйзамдар өлкөдө адам өмүрүн алган авто кырсыктардын алдын алуу үчүн жасалдууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content409
Добавить комментарий ×