Жети-Өгүз районунда «Өрүк-fest 2017» фестивалы өткөрүлөт
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында «Өрүк-fest 2017» фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
22-июлда боло турган фестивалда ар кандай жарманке, мастер-класс, оюндар, көргөзмө жана сынактар уюштурулат. Ошондой эле эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болот.
Эскерте кетсек, «Өрүк-fest 2016» фестивалы былтыр аталган областтын Тосор айылында уюштурулган.
Фестивалдын максаты - продукцияларды жайылтуу менен ички инвесторлорду тартуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content4082
Добавить комментарий ×