Кыргызстанда сталинизмди үгүттөгөн үчүн соттоп жатышабы?

17 июль 2017 15:27 559 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучусу бүгүн, 17-июлда Свердлов райондук соту анын ишин карай турганын жазды.

 Амантур Манапбаев аны сталинизм идеясын үгүттөгөн үчүн айыптап жатышканын билдирди.

“Мени соттоп жатышат. Бүгүн Свердлов райондук соту Сталиндин идеясына үгүттөгөн деп соттоп жатат. Бул коммунизмди үгүттөөгө тыюу салынган Киев эмес. Бул Бишкек! Бир кезде СССРдеги эң жашыл шаар болгон Фрунзе. Болгону 25 жыл мурда эле бийлик эмгекчилерге таандык болчу. Эң кыйын кезеңдерде Сталин элди бириктирип фашисттерди, гитлерчилерди жеңген. Эми бийликтеги казына уурдоочулар менен олиграхтар биздин элдин Сталиндин доорунун учурунда жетишкендигин мыйзамсыз деп айтып жатышат", - деп жазды ал соцтүйүндөгү баракчасына.  

Свердлов райондук сотунун канцеляриясынан Barometr.kgге сталинизмге үгүттөө боюнча иш келип түшпөгөнүн айтышты. Манапбаевге байланыштуу процесске так жооп узатышкан жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4050



Добавить комментарий