Дааратканага түшүп кеткен телефонду алабыз деп үч адам каза болду

17 июль 2017 14:18 952 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Өзбекстандагы жер үйлердүн биринде үч адамдын даараткананын чуңкуруна тумчугуп өлдү. Кайгылуу окуя Наманган областынын  Янгикурган айылында болгон. Бул тууралуу “Новостии России” маалымдайт.
 
Телефонун дааратканага түшүрүп алган аял аны алуу үчүн эки эркек адамды чакырган. Алар чуңкурга түшкөндө эстеринен таанып калышкан. Аял жардамга дарыгерлерди чакырып, бирок даараткананын чуңкурунагы адамдарга жардамга умтулган ак халатчан да абалы начарлап кеткен.
 
Эки жумушчу окуя ордунан көз жумду, ал эми дарыгер ооруканага бараткан жолдон жан берген. Алардын үчөө тең кычкылтектин жетишпегендигинен көз жумушкан.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4046



Добавить комментарий