Соода кылган аялдын жанында уктап жаткан наристе социалдык тармакта талкуу жаратууда
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарында соода кылган аялдын жанында кичинекей кызы уктап жаткан сүрөт талкууга түшкөн. Аты-жөнүн атагысы келбеген сүрөттөгү сатуучунун билдиргени боюнча, уктап жаткан кыз анын сиңдиси. Бул тууралуу "super.kg" кабарлайт.
“Өзүмдүн апам ошол базарда иштейт. Анын ордуна 1 саатка иштегенге баргам. Турмуш-шартым жакшы, апама жардам бергенге эле баргам. Өзүмдүн эмизген балам бар”, - деди ал.
Анын апасы социалдык тармактарга туура эмес маалымат тарап кеткенин айтууда.
“Кечкисин ошол жакта соода менен алектенем. Ысык-Көлгө эс алганга кеткем. Улуу кызым "апа, жакшы эс алып келиңиз" деп кичүү кызымды алып калган. Интернетке ушундай сүрөттөр чыгып кетиптир, көпчүлүк туура эмес түшүнүп жатат. Кичинекей баласын кайненесине таштап, мага жардам берген. Куда, кудагыйларым билимдүү адамдар. Учурда кызым намыстанып, үй-бүлөсү бузулуп калабы деп коркуп жатат. Эртең үй-бүлөсү бузулса, эмне болот?” - деген суроо салды кыздардын апасы.
Ссылка: https://barometr.kg/content4045
Добавить комментарий ×