Аял поездге кыпчылып калып темир жол бекетинен сүйрөлүп кетти
Бөлүшүү:
Жүргүнчүлөр жабыртартуучуну убагында байкап калышып, авариялык тормозду басышкан.
Беларусиянын жараны Римдеги "Termini" метросунда поезддин эшиктеринин ортосуна кыпчылып калып, олуттуу жаркат алган. Жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен ""Лайф" сайты билдирди.
Видеодо көрүнгөндөй, аял бир баштык кармап вагонго кирип бара жатып бир нече секундга токтоп калган, бул убакта поэзддин эшиктери жабылып жүрө баштаган. Бир нече метр жол жүргөндөн кийин, токтогон. 43-жаштагы аялга жардам берүү үчүн күбөлөр чуркап келишкен.
Азыркы учурда, аял ооруканада интенсивдүү терапия бөлүмүндө: анын өпкөсү жабыр тартып, жамбаш сынып жана колу, буту жарадар болгон.
Маалыматтарга ылайык, жүргүнчүлөр поездге түшүп жаткан маалда айдоочу тамактанып жаткан. Балким, тамак-аш менен алек болгон учурда ал күйгүдөнг карабай эле кокусунан эшикти жаап, айдап кете берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content4043
Добавить комментарий ×