Жамгырбек Бөкөшов, Профессор, философия илимдеринин доктору: «Эгемендиктин баасы, куну туурасында ойлонуш маанилүү экенин моюндадык»
Быйылкы жылы Кыргызстандын саясатында кандай орундуу нерселер болуп өттү? жана мамлекетибиз кандай жетишкендиктерге жетишти?
2016- жыл Кыргызстан үчүн майнаптуу, жемиштүү жылдардан болду десек жарашат. Экономикабызда, элдин турмушунда бир караганда айкын баамдалбаган жылыштар, ийгиликтер ишке ашты. Жолдор салынып жатат, курулуш жүрүп жатат, бизнес өнүгүүдө. Бул статистиканын, чоӊ эсептин деӊгээлинде көрүнөт. Конституциялык реформа жасалды. Муну жеӊил, үстүрт кабылдагандар да болду. Бир жагы сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса, эртеси эле баары кыйрап калчудай экиленишсе, бир жагы эртеси эле жыргал турмуш орночудай кыялданышты. Ал эми турмуш «сабырдын түбү сары алтын» экенин дагы бир жолу бышыктады. Конституциялык реформанын натыйжасы бара-бара чыгат, эртеӊ көрөбүз. Ошол эле учурда саясий турмушубузда оӊдой турган, түзөй турган нерселер али арбын экени да айгине болду.
Бөтөнчө 2016- жыл «тарых жана маданият» жылы катары үзүрлүү болду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жакшы өттү, Кыргызстандын атын чыгарды. Жусуп Баласагын атабыздын миӊ жылдыгын татыктуу белгиледик деп ойлойм. Үркүн жүз жылдыгына байланыштуу тарыхый тагдырыбыз туурасында тереӊ ой-санаалар көӊүл борборуна чыкты. Эгемендиктин баасы, куну туурасында ойлонуш маанилүү экенин моюндадык. Бу жылы элибиздин тарыхый аӊ-сезими кыйла курчуду, байыды десек жаӊылбайбыз.
Кыргыз «жаманчылыкты аманчылык жеӊет» деп коёт. Албетте, элибиздин бөдө кырсыктан тыш тынч-аман жыл өткөргөнү чоӊ олжо. Кудай жакшылыгын буйрусун. Ал эми жыл жыйынтыгын чыгарып жаткандагы маанилүү жагдай- болуп өткөн окуялардан кандай сабак алдык, кийинки иш-аракет үчүн кандай тыянак жасадык- кеп ушунда. Негизи «жыл жыйынтыгын» тарых аныктайт, кийин- кийин кеӊ тарыхый алкакта караганда баланча жылы чынында эле эмне болуп өткөнү ачыкталат, айгинеленет. Азыр баамдалбаган нерселер ошондо көрүнөт. Бирок бүгүн жакшылыкка, изгиликке умтулган эрктин болушу зарыл. Убакыт күтүп турбайт. Эртеӊге калтырбай, кечээ бүтүрө турган жумуштар бар. Көп нерседен кечигип жатканыбызды да моюнга алышыбыз зарыл. Демек, 2017- жылы тарыхый жоопкерчилик тууралуу дагы бекем ойлонушубуз эп.Эл-журтка аманчылык, жакшылык каалайм.
Ссылка: https://barometr.kg/content403
Добавить комментарий ×