Эрдоган Кыргызстандын муфтийи баштаган расмий делегация менен учурашты
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган расмий делегация Түркиянын Диний Башкармалыгынын башчысы профессор, доктор Мехмет Гормез менен жолугушуп, Бишкектеги борбордук мечиттин бүткөрүлүүсү, имамдардын диний билимин өркүндөтүү жана бөлүм башчылар менен диний кыргызча адабияттарды көбөйтүү, ажылык иштери, дин кызматкелердин диний билимин жогорулатуу маселелеринин алкагында бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 14-июлда Азирети Муфтий Түркия мамлекетинин Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышкан жума намазга катышып, Режеп Тайип Эрдоган Азирети Муфтий баштаган расмий делегация менен учурашты. Ушул эле күнү Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган расмий делегация Түркия мамлекетинин Болу шаарында диний билим алуу менен Куран жаттоодо карылык окуусунда окуп жаткан Кыргызстандык студенттер менен жолугушуп, алардын окууларынан кабар алды. Болу шаарынын муфтийи Орхан Генч Куран жаттаган кыздардын ийгиликтерин айтып, окуу жаатындагы ишмердүүлүгүнөн кабар берди. Болу шаарында диний билим алуу менен Куран жаттоодо карылык окуусунда окуп жаткан Кыргызстандык студенттердин бири 7 айда Куранды толугу менен жаттап бүтүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content4026
Добавить комментарий ×