Астана таштандыларды "жашыл" энергияга айлантуу жолдорун караштырууда
Бөлүшүү:
Астана шаарынын акимчилиги калдыктарды кайра иштетүү боюнча жаңы программаны колго алды. Күнүмдүк катуу калдыктардан “жашыл” энергиянын элементтерин алуу технологиясын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Күнүмдүк катуу калдыктарды чогултуу жана чыгаруу кызматын «Clean City NC» компаниясы жүргүзөт. Заводдо калдыктар сорттолот. Таштандылардын 8% гана жарамдуу болот, калган 92% полигондо көмүлөт.
Бул арада калдыктарды көмө турган жай 95% толгон. Учурда экинчи полигон салынып жатат.
Акимчилик кабарлагандай, шаарда таштандылар көбөйүүдө. Бул Астана калкынын өсүшү менен байланыштуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content4025
Добавить комментарий ×