Гемодиализ аппараттары жаңыланат

28 декабрь 2016 20:00 522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жыл сайын бөйрөк оорулары көбөйгөн сайын гемодиализ аппаратына муктаж болгон жарандарыбыздын  саны күн санап өсүп баратат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак  мындай аппаратка муктаж болгондордун саны 3 миңден ашат. Бирок өлкөдө  анчалык адамды бир учурда камсыз кылууга аппараттар жетишпейт.  Ошондуктан саламаттыкты сактоо министрлиги келе жаткан жылы атайын проекти иштеп  чыгып Ош, Жалал-Абад,Бишкек шаарындагы гемодиализ аппараттарын жаңылап, жаңысын сатып келүү боюнча ишин баштады. Январь ичинде аппараттарды сатып алуу үчүн атайын  тендер жарыялап биргелешип иштөөчү фирманы тандап алышат.  Фирма тандалып алынгандан кийин биргелешип иштөө башталат. Маалымат  аталган министрликтин  сайтында расмий түрдө жарыяланды. Каржы министрлиги бул жатта проектини карап көрүп, каржы маселесин бөлүп берүүгө макулдук берген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content400



Добавить комментарий