Луис Энрике Барселонадан кетиши мүмкүн
Бөлүшүү:
Испаниянын атактуу футбол клубу “Барселонанын” башкы машыктыруучусу Луис Энрике клубду жарым жылдан кийин таштап кетиши мүмкүн. Себеби Энрике бул клубда 2014-жылдын май айынан бери машыктыруучулук кесипти аркалоого 2017-жылга чейин келишим түзгөн. 6 айдан кийин келишим өз мөөнөтүн аяктайт. Азырынча машыктыруучу өзү клуб менен кайра келишим түзөөрүн же түзбөшүнө акыркы чечимди чыгара элек. Бирок клуб андан жакшы машыктыруучу тапса ордун бошотуп берүүгө даяр. Энрике Европадагы эң кымбат акча төлөнгөн машыктыруучулардын катарын толуктап, көптөгөн клубдар аны келишим түзүү үчүн кезекте турушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content398
Добавить комментарий ×