Тимошенко Украинанын даяр продукция чыгарбаганына нааразы

28 декабрь 2016 08:50 566 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“NewsOne” теле каналына берген интервьюсунда  Украинанын мурдагы премьер-министри  Юлия Тимошенко  Украинанын бийлигинин короосуна таш ыргытып, жалаң гана чийки зат чыгарып,  даяр товар чыгарбай жатканына нааразы болду. “ Украина бир гана  чийки заттарды өндүрөбүз. Бизге даяр продукцияларды чыгарууга толук  шарт болсо дагы биз аны жасабайбыз.  Дыйкандарыбыз күн карама, буудай сыяктуу чийки заттарды өндүрүп башка мамлекеттерге экспорттойт”-дейт. Тимошенконун сөзүнө ишенсек Украина жок дегенде  Италиядан  үлгү алып,  чийки заттарды эмес товарларды чыгарып, чет өлкөлөргө экспорттоого   Украинанын толук шарты бар. Ошондой эле Италия украиналыктардын жериндей эле жерге  чийки заттарды эгип,  алардан он эсе  көп  пайда алып жатат.

 

 

.

Ссылка: https://barometr.kg/content396



Добавить комментарий