Курсан Асанов Өзбекстанга иш сапары менен барды

13 июль 2017 17:02 431 Barometr
Бөлүшүү:
ok
ИИМдин расмий делегациясы ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов менен биргеликте Өзбекстан Республикасына 10нан-12- июлуна чейин эки күндүк иш сапарына барып келишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Кыргыз делегациясы бул сапарында Өзбекстан Республикасынын ички иштер министрлигинин орун басары Бобохонов Акромхон жана Ташкент ШИББдин жетекчилиги менен жолугуп, Өзбекстандын шаардык ишчи иштер органданынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Тараптардын жолугушуу маалында өз өлкөлөрүндөгү ИИМде жүрүп жаткан реформаны, анын оң жактарын жана ушул чөйрөдө жаралган көйгөйлүү суроолорду талкуулашты. Кыргыз делегациясы эки мамлекеттин ички иштер органдарынын кызматташуусун жана мамилесин жакшыртууга багытталган эки жактуу макулдашууга кол койуу сунушун киргизди.
Андан сырткары, кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Исраилов Уландын атынан Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Азизов Абдусаламга “Шериктеш”, орун басары А. Бобохоновко “Ардак ” бөлүмдүк медалдарын тапшырышты.
Ички иштер министринин орун басары Асанов Курсан Самарканд менен Астана шаарларында өткөн эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бул иш сапар өз убагында өтүп жаткандыгын белгилеп кетти.
 
1992-жылы эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин кол койгон макулдашуусу азыркы убакта өзүнүн маанилүүлүгүн жоготуп койгон. Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап жаңы макулдашууга кол койуп, эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын бири-бири менен болгон кызматташуусунда коркутуулар менен чакырыктарга өз убагында жооп кайтарууга натыйжа берүүчү жаңы багытта ачууну сунуштады.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3950



Добавить комментарий