Ө. Текебаев: А. Атамбаев дагы келип көрсөтмө бериши керектигин айтты

13 июль 2017 15:29 643 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 
Борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүүдө.
 
Анда экс-президент Роза Отунбаева, саясатчы жана коомдук ишмерлер Феликс Кулов, Данияр Нарымбаев көрсөтмө берди.
 
Текебаевдин жактоочулары сотто азыркы президент Алмазбек Атамбаев дагы келип көрсөтмө бериши керектигин айтты. "Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Роза Отунбаева келип көрсөтмө жатат. Бул жакта көрсөтмө берип жаткандардын бардыгы "Альфа Телекомдун" маселеси Атамбаевдин катышуусусуз чечилбей турганын баса белгилеп жатышат. Андыктан Атамбаев азыркы президент катары эмес, Убактылуу өкмөттүн башчысынын ошол кездеги жардамчысы катары келип көрсөтмө бериш керек", — деди ал.
 
Бирок, мамлекеттик айыптоочулар жактоочулардын бул сунушу буга чейин да каралганын айтып, аны четке кагууну соттон өтүндү. Өз кезегинде сот ишине төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырган жок.
 
Текебаевдин жактоочулары сотко ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content3944



Добавить комментарий