Баткенде жаш жубайлардын кортежи трактор болгон
Бөлүшүү:
Баткен районунун жаш жубайлары Анарбай уулу Раджапали жана Шарипжан кызы Махабаттын тоюнда заманбап кортеждин ордуна жүк ташуучу унаада жана трактор менен тойлошкон.
Чон-Кара айылынын тургуну 25 жаштагы тракторист Раджапали өз тоюн өзгөчө өткөрүүнү каалаган. Ошого байланыштуу ал айылындагы кооз жерлерди трактор менен кыдырып ЖААЖ ка (ЗАГС) да барган.
«Жүк ташуучу унаалар жеңил унааларга караганда арзан. Той ушул жылдын 12-февраль күнү болду. Тойдун жалпы чыгым 300 миң сом болду. Биз жубайым экөөбүз кыз жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, кийин үйлөнүүнү чечтик.
Махабат менин идеяма каршы болгон жок”, -деди Раджапали.
21 жаштагы Махабат үчүн мындай өзгөчө той күтүүсүз болгон, бирок ага жаккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content3942
Добавить комментарий ×