Антарктидадан триллион тонналык айсберг бөлүндү (видео)
Бөлүшүү:
“Антарктидадан триллион тонна болгон айсберг бөлүндү”,-деп кабарлайт РИА Новости маалымат агенттиги.
Антарктидан дүйнөдөгү эң чоң айсбергтердин бири “Larsen C” музу бөлүнүп калды.
BBCнин маалыматы боюнча, бөлүнгөн муздун аймагы алты миң чарчы киллометр болот. Бул табигый кубулуш окумуштуулар үчүн күтүлбөгөн окуя болгон жок.
Себеби алар ондогон жылдар бою изилдөө жүргүзүп, табигый кубулуштун өзгөрүүгө туш болчу күнүнөн бери дал болжошкон.
Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, муздун эрүүсүнө глобалдуу жылуулук процесси таасир берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3939
Добавить комментарий ×