Карыя өрттөнүп жаткан унаадагы адамдарды куткарды

13 июль 2017 14:06 2074 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Соцтармактарда Ингушетиядагы Ростов-Баку жолунда болгон кырсык түшүрүлгөн видео тарады.
 
Жол боюнда «Волга» маркасындагы унаа ВАЗ унаасын сүзгөн. Жол ыкрсыгынын кесепетинен “волга” унаасынын ичинде отурган бир нече адам өртөнүп кете жаздага. Унаанын ичинен эшигин ача албай калган жабырлануучуларга сырттагы адамдар жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок тарс-түрс деген үндү уккан адамдар коркушуп унаадан алыс качууга аракет кылышкан. Ошол учурда унаанын ичиндеги адамдарды куткарууга жанталашкан карыя терезесин бир тээп сындырып, ичиндеги адамдарды сыртка чыгарган.
 
Жардам берүү үчүн аракет кылган адамдарга да социалдык тармактын колдонуучулары ыраазычылыгын билдирүүшүдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3937



Добавить комментарий