Сириядан келген эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
Бөлүшүү:
2017-жылдын 22-июнунда контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү, 1994-ж.т. Кыргыз Республикасынын жараны «Н.С.» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, «Н.С» 2015-жылы чет өлкөдө болгон мезгилде ЭТУ эмиссарынын үгүтү менен Сирия-Ирактагы чыр-чатак зонасына жиберилген. Ал жакта күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, террористтик жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 375 (жалданмачылык) беренесинде каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган адам тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content3931
Добавить комментарий ×