Тез жардам кызматкерлери жаңы жылда иштешет

27 декабрь 2016 16:17 447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаабыздагы үйүндө ооруп жаткан же  тез жардам керек болгон жарандарыбыздын баарына тез жардам кызматы ийгиликтүү жардам берет. Бул сапар 31-декабрда  күчөтүлгөн режимде иштешет. Бул тууралуу  Бишкек шаардык  медициналык камсыздоо  бөлүмүнүн башчысы  Искендер Шаяхметов  билдирди. Анын айтымына караганда  31-декабрь күнү жалпысынан  38 бригада күнү түнү эс алуусуз иштейт.  Жаңы жыл майрам учурунда негизи көп чакырууларды  ичимдиктен уулангандар жана жардыргычтан жаракат алгандар чакырышат. Ал күнү жол кырсыктары жана күйүктөн, ар кандай нерседен жаракат алгандар азыраак болоорун да маалымдады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content393



Добавить комментарий