5 жашар баланы эшик басып калды
Бөлүшүү:
Бишкекте беш жашар баланын үстүнө подъезддин эшиги кулап түштү. Бул тууралуу күбө билдирди.
Анын айтымына караганда, окуя Сухэ Батор менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында болгон. "Жумушчулар темир эшикти алып, аны дубалга жөлөп коюшкан. Бирок ал түшүнүксүз жагдайда беш жаштагы баланы басып калды. Бөбөктү Тез жардам кызматы эсине келбеген абалда алып кетти", — деди күбө.
Шаардык милиция аталган маалыматты тактап жаткандыгын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content3912
Добавить комментарий ×