40 кг. баңгизат сактап жүргөн жараан кармалды

13 июль 2017 09:35 510 Barometr
Бөлүшүү:
ok
ИИМдин Чүй облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан баңги каражатын сактап жүргөн Чүй облусунун 45 жаштагы жашоочусун кармады. Бул тууралуу Ички иштер басма сөз кызматы кабарлады.
 
Кармалган адамдын үйүн текшерүү маалында эки мүшөккө салынган баңги каражаты табылып, жалпы салмагы 40 кг. түздү. Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган баңгизаты марихуана болуп чыкты.
 
Жогорудагы факты боюнча Сокулук районунун Ички иштер органынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүмүнө (ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын, эске таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, өткөрүү, пайдалануу, ташуу же жөнөтүү) ылайык кылмыш ишин козголгон. Шектелген адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3909



Добавить комментарий