Ваннада смартфон менен сүйлөшкөн кызды ток уруп көз жумду

12 июль 2017 17:11 627 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Ловингтон шаарынын тургуну 14 жаштагы Мэдисон Коу токко урунуп көз жумду. Ал үйүндө ваннада жатып, заряддалып турган телефон менен сүйлөшкөн”,-деп кабарлайт “life.ru” сайты.
 
Маркумдун туугандары анын колун күйүп калганын айтышкан. Жаш кыз заряддалып турган телефонду колуна алган жаткан же ваннадан чыкпай туруп телефонду токко кошкон. 
 
Мэдисон Коу белгилүү кыз болгон, мектептин баскетбол командасында ойночу. Туугандары менен достору кайгылуу кабарды угушуп, кабыргалары кайышып турганын билдиришкен. Кыздын үй-бүлөсү ушул жагдай башка балдарга сабак болсун деп эскертишет.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3902



Добавить комментарий