Ново-Павловкада наушникчен 17 жаштагы баланы поезд сүзүп кетти
Бөлүшүү:
Чүй областынын Сокулук районунун Ново-Павловка айылында поезд 17 жаштагы баланы сүзүп кетти деп билдирет аймактык оорукананын директордун орун басары Эдилбек Тургунбаев.
Анын айтымында, бүгүн 08:00 чамасында ройондук ооруканага 17 жаштагы Э. А. баланы оор абалда алып келишкен.
“17 жаштагы Э. А. окуя болгон учурда кулагында наушник болгон. Өтүп бара жаткан жургүнчүлөр ага поезддин келе жатканын айтып кыйкырышкан, бирок бала наушниктен улам уккан эмес. Поезд токтоого жетишкен эмес жана баланы сүзүп кеткен. Азыркы учурда баланын абалы оор экенин дарыгерлер белгилешүүдө. Бишкек шаарынан нейрохирургдарды күтүп жатабыз”,- деди Э. Тургунбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content3892
Добавить комментарий ×