Жол кыймылынын жаш инспекторлору мамлеткеттик отряддардын сынагына катышат

12 июль 2017 15:55 572 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кыргызстандын жол кыймылынын жаш инспекторлору Казакстандагы мамлекет аралык Жол кыймылынын жаш инспекторлор отрядынын сынагына катышууга кетишти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
 
Салттык түрдө эл аралык сынакка өз өлкөсүндө жеңүүчү болгон командалар катышат. ЖКЖИ сынагына Кыргызстандын атынан Нарын областынын Нарын шаарына караштуу М. Сыдыков атындагы орто мектептин “Виктория” жол кыймылынын жаш инспекторлор тобу барышмак. Балдар ушул жылдын ичинде өздөрүн активдүү көрсөтүшүп, патрулдук милициянын инспекторлоруна республиканын аймагында жаш балдардын жолдордо, көчөлөрдө жүрүү эрежелерин, коопсуздукту кантип сактоо керектигин жана балдардын жолдордо жаракаттануусун алдын алууну жайылтууда чоң жардамын көрсөтүштү. Алардын активдүүлүгү жана тырышчаактыгы 2017-жылы 19-май күнү Бишкек шаарында республикалык деңгээлде өткөн ЖКЖИ кароо-сынагын жеңүүсүнө шарт түздү. Эми балдардын алдында анданда татаал тапшырма турат, ал Кыргызстанды мамлекет аралык сынакта татыктуу көрсөтүү.
 
“Виктория” жол кыймлынын жаш инспекторлору тобунун жетекчиси, Нарын ОИИБнын патрулдук милициянын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Тилек Оторов балдардан толкундоолоруна карабастан Казакстан Республикасынын Усть-Каменгорск шаарына татыктуу катышуу үчүн келгендерин билдирди. Жаңы форма, жаш инспекторлордун белгилери, фурашканын маңдайына тагылуучу калай белги, жеңдин үстүнө бастырылган тилке жаш инспекторлордун өзгөчө сыймыгы болуп эсептелет. Жаш инспекторлордун жогорку деңгеелдеги кароо-сынакка катышуусуна Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин спикери Ч. Турсунбеков, “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери А. Батырбеков, ИИМ, ИИМдин ПМББы, Нарын ОИИБси жана Нарын областынын мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлдү.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3891



Добавить комментарий