Аэропортун кызматкерлери ажатканадан алтын куймаларын табышкан
Бөлүшүү:
Бир нече килограммдык алтын куймаларын япониялык Кансай аэропортуна учуп келген “Vanilla Air” авиакомпаниясына таандык Тайвань учагынын ажатканасынан табылган. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлайт.
NHK телеканалынын маалыматына ылайык, лайнер аэропортко жекшемби күнү эртең менен келип конгон.
Учактын бортун текшерүү иштерин жүргүзгөн авиакомпаниянын кызматкерлери бир ажаткананын сырты башкача болуп калганын байкашкан. Андан соң тез арада коопсуздук кызматына кабарлашкан.
Текшерүү иштеринен кийин адистер тактайчалардын артынан жашырылган алтын куймаларын табышкан.
Азыркы учурда коопсуздук кызматкерлери ким жана кайсы учурда бул алтындарды катып койгонун такташууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content3877
Добавить комментарий ×