2024чү жана 2028-жылкы Олимп оюндары Париж менен Лос-Анжелесте өтөт

12 июль 2017 12:39 572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2024чү жана 2028-жылкы жайкы Олимп оюндары Париж жана Лос-Анжелес шаарларында өтөт. Мындай чечим кечээ Лозаннада Эл аралык олимпиада комитети тарабынан кабыл алынды.

Алгач 2024-жылкы оюндарды өткөрүү укугу үчүн Гамбург, Будапешт, Рим, Париж жана Лос-Анжелес шаарлары талапкер болуп жаткан, бирок өз билдирмелерин акыркы эки гана шаар ырастаган.

Жыйындын жүрүшүндө Олимп оюндарынын бирин Парижге, экинчисин Лос-Анжелеске берүү сунушталды. Алардын кайсынысы кайсы жылкы оюндарды кабыл ала тургандыгы Эл аралык олимпиада комитетинин сентябрда Перунун борбору Лимада өтө турган 131-сессиясында чечилет.

Париж акыркы жолу Олимп оюндарын 1924-жылы, Лос-Анжелес 1984-жылы өткөргөн.

Жакынкы оюндар 2020-жылы Токиодо өтөт. Буга чейинки Олимпиада 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content3871



Добавить комментарий