Өкмөт башчы АКШ инвесторлору менен cүйлөшүүлөрдү жүргүздү

12 июль 2017 10:42 437 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 11-июль, шейшембиде,  Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон баштаган АКШ соода миссиясынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөтүн апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
 
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү америкалык инвесторлорду жылуу кабылдайт жана  чет элдик инвесторлор үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алат.
Ал белгилегендей, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын бирден бир маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп калат.
 
Өз кезегинде Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас  Файерстон, эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө  кызыктадар экендигин баса белгиледи. Мунун күбөсү катары Бишкек шаарында 11-июлда өткөн  биринчи кыргыз-америкалык бизнес форумунун ачылышын атоого болот. Томас Файерстон  АКШ делегация курамында америкалык ири компаниялардын өкүлдөрүнүн бар экендигин өзгөчө белгиледи. Алардын Кыргызстандын экономикасына каражаттарды инвестициялоого кызыкчылыгы пайда болду.
 
Премьер-министр менен болгон жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба тармактарындагы  ири инвестициялык долбоорлор талкууланды.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3859



Добавить комментарий