Мыйзамсыз алтын ташуу жолу буулду

12 июль 2017 09:44 393 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргыз- Алтын” ачык акционердик коомунун, Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын, Эмгекчил айыл өкмөтүнүн, Нарын облусунун укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана Эмгекчил айылынын жашоочуларынын катышуусу менен болгон жолугушууда коомдук тартипти сактоо менен коопсуздукту камсыздоо максатында эки милиция кызматкерин күзөткө коюу чечимин кабыл алышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


"Кыргыз-Алтын" ААКнын бөлүмүнүн бири "Солтон-Сары" алтын-кен чыгуучу жайы Нарын районунун Эмгекчил айылына жакын жерде жайгашкан. 2017-жылдын 8-июль түнү Оттук аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык милдетин аткарып, күзөттө турган маалда 30-40 адамдан турган Эмгекчил айылынын жашоочулары милиция кызматкерлерине баш ийбей, "Кыргыз-Алтын" ААКтын кампасына кирип барып, жеке колдонуудагы унаасы менен алтындын чачыранды рудаларынын чогултуп, аймактан сырткары ташып кетүүгө аракет кылышкан.


Бул мыйзамсыз аракеттерге Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 2,3,4-бөлүгүнө (уюшкан кылмыштуу топ менен бөлмөгө же башка сактоочу-жайга кирип, ачык түрдө башка бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн тартып алуу же талап-тоноочулук) ылайык кылмыш ишин козголгон.


Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде кылмышка катыштыгы бар Эмгекчил айылынын 23 жашоочусу суракка алынууда. Жогорудагы фактыга тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3852



Добавить комментарий