6 жаштагы баланы зордуктоого шектүү деп үч жаран кармалды

12 июль 2017 09:37 422 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 6 жаштагы баланы зордуктоого шектелип 16 жаштагы эки жана 17 жаштагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 30-май күнү милицияга "Барскоон айылынын 6 жашар тургуну зордукталды" деп баланын ата-энеси арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жана 17 жаштагы Барскоон айылынын тургундары кармалган. "Алар күнөөсүн моюнуна алып, соттун чечими менен тергөө мезгилине камакка алынышкан. Шектүүлөргө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3851



Добавить комментарий