Нихан өзүнүн той көйнөгүн туурап кийген Кемалдын аялына күлө карады (фото)
Бөлүшүү:
Түркиянынын белгилүү актрисасы Неслихан Атагүл өзүнүн той көйнөгүнө окшош көйнөк кийген Фахрие Эвдженге байланыштуу пикир билдирди деп жазат “Жұлдыздар әлемі”.
Неслихан азыр элдердин баары эс алууда, ал эми сиз иштеп жатасыз. Эмнеге?
– ООба, туура айтасыз эс алууда (күлүп) эч нерсе эмес. Бир жуму мурда эс алып келдим. Жумушка байланыштуу азыр ушул жактамын. Бүткөндөн кийин эс алуумду улантам.
– Өз дене боюңузда жактыран нерсеңиз эмне?
– (күлүп) Чачтарым.
– Чачыңыз сиз үчүн канчалык маанилүү?
– Көрүп турганыңыздай мен үчүн чачтарым өтө-өтө маанилүү.
– Чачыңызга кандай кам көрөсүз? Ал үчүн эмне кылуу керек?
– Негизинен туура тамактануу керек. Туура уктоо кажет. Суу көп ичүү жана өзүңүзгө жакшы кам көрүүңүз зарыл. Ошондо гана чачыңыз сулуу боло келет.
– Кадир мырза менен эс алууга чыктыңыз. Кайсы жакта болдуңуздар? Бирге саякатка чыккан канчалыкты жактырасыз?
– ООба, Стамбул жакта болдук. Азырынча ошол тараптарда эс алдык.
– Дагы башка жерлерди кыдырып эс алуу планда барбы? ... жана кайсы жакка барасыздар?
– Ооба, албетте бар. Бирок кайда экенин айтпаймын.
– Чет өлкөгө чыгасыздарбы же бул жактарда эле болосуздарбы? Ушуну гана айтыңызчы?
– Чет элге кетебиз (күлүп) жана күйөөм менен чыкканы жатабыз.
– Тамак жасаганды жакшы көрөсүзбү?
– ООба, жакшы көрөм.
– Өз колуңуз менен Кадир мырзага тамак жасап бересизби?
– Ооба, жасап беремин жана Кадир аны жакшы көрүп жейт.
Балалуу болуу планда барбы?
– Балалуу болуу албетте чоң бакыт. Бирок азырынча андай план жок.
– Эми бир жыл мурунку убакытка кайрылып барсак. Сиздин бир жыл мурда тойуңузга кийген көнөгүңүз быйыл дагы бир сулуунун үстүнөн көрдүк
– Күлдү…
– Ооба, кинодогу сүйүктүңүз жана кесиптешиңиздин өмүрлүк жубайы Фахрие Эвджендин сиздикинен айырмасы жок көйнөк тиктирип кийди. Баардык эле ушу жөнүндө сөз кылып жатат. Сиздин буга деген оюңуздун кандай?
– Мен чынымды айтсам бул тууралуу эч нерсе айткым келбейт!!!
– Кадир мырза менен араңызда келишпестиктер чыгып калган учурлар болобу жана кандай учурларда?
-Ооба албетте андай учур ар бир үй-бүлөдө болот. Болуп турган да мыйзамдуу көрүнүш. Бирок биз үчүн эң маанилүүсү тарынуу эмес, ортобуздагы сый мамиле жана махабат.
– Неслихан бүгүнкү маегиңиз үчүн чоң рахмат. Жакшы калыңыз.
– Сизге да рахмат!
“Magazin” журналына берилген интервьюсунан алынды
Ссылка: https://barometr.kg/content3826
Добавить комментарий ×