«Жаңы жылдык белек Азия Микс командасынын жеңиши»-дейт президент

24 декабрь 2016 12:28 506 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КВНдин  жогорку Лигасында  кыргызстандык «Азия Микс» командасы алдыга чыгып,  жеңишке жетишти.  Мындай кубанычтуу кабарды кыргызстандыктар кубануу менен кабыл алып,  куттуктап жатышкан кези. Ал тургай өлкө башычы да бул кубанычтуу кабардан артта калган жок.  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин  маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак  президент өзүнүн куттуктоосунда  "Азия Mix" командасынын балдары бул жеңишке жетүүгө катуу даярданып, акыры көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды. Биздин команда шайыр жана тапкыч экенин бир гана калыстар тобу эмес жалпы күйөрмандар дагы мойнуна алды. Жыйынтыгында биздин "Азия Mix" башкаларды артка калтырып мыктынын мыктысы аталды! Бул жалпы Кыргызстандыктар үчүн жаңы жылдык белек болуп калды", —  деп айтылат.  Учурда  команда  жеңишин майрамдап жатышкан кези.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content382



Добавить комментарий