Актриса Айкөл Аликжанова турмуш чыкты

11 июль 2017 12:23 3456 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыздын кымча бел сулууларынын бири модель, актриса Айкөл Аликжанова турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу super.kg булагы кабарлады.

Ал бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, ошондой эле «Көк салкын-2», «До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларында роль жараткан. "Актриса араб шейхине турмушка чыгат экен. Ошондуктан хиджаб кийиптир" деген сөздөр айтылган. Ал кептерди төгүндөп модель кыргыз жигитине турмушка чыкканын, ырчы Айгерим Расул кызынан уктук: "Айкөлдүн кыз узатуу тою 2 күн мурун Ошто болду. Биздин ата-энелерибиз жакшы достордон. Тойго ата-энем келе алышпай, ордуна мен барып, ата-энемдин жана өзүмдүн атымдан куттуктап келдим. Жолдошу таластык жигит экен",- деди ырчы айым. Айкөлгө биз дагы үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3816



Добавить комментарий