ЖАМК экстремисттик китептерди жайылткандарга иш козгоду

11 июль 2017 11:14 337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бакшармалыгы экстремисттик китептерди жайылткан деген айып менен 4 кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, кылмыш иши ЖАМК, УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында, абактан качуу, бир нече жолу соттолгон, “Хизб-ут-тахрир” уюмунун мүчөсү М.Х. издөө фактысынын негизинде ачылган.

Ведомство кызматкерлери М.Х. Жалал-Абад облусундагы жакын туугандарыныкында жашынып, “Хизб-ут-тахрир” уюмунун лидерлери менен активдүү байланышып жүргөнүн аныкташкан.

Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун уруксаты менен Базар-Коргон жана Сузак райондорунда тинтүү иштери жүрүп, анда Советский, Базар-Коргон, Ладан-Кара, Благовещенка айылдарындагы 4 жарандан экстремисстик мүнөздөгү материалдар жана буюмдар табылган.

Теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан материалдар текшерилип, Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремистик агымга тиешеси бар экени аныкталган.

Учурда тиешелүү тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3812



Добавить комментарий