Россиянын базарларында кыргыз товарлары көбөйдү
Бөлүшүү:
Мындай маалыматты Россия федерациясынын президенти Владимир Путин журналисттерге маалымат жыйын берип жатып билдирди. “Кыргызстандын товарлары Россиянын базарларында күндөн-күнгө кулачын жайып баратат. Туура, анча-мынча маселелерибиз бар. Бирок таптакыр эле киргизбей койду деген туура эмес. Мисалы Беллорусияга караганда кыргыз товарлары бизге көп келет. Биз бажы биримдигине кирип жатканда баарына тегиз мамиле кылабыз дегенбиз. Ошону аткарабыз. Фитосанитардык иштерди талап кылган товарлар менне гана маселебиз бар. Биз кыргызстандык досторубузга алар бажы биримдигин баардык шарттарына туура келгидей шарттарды түзүп алганча жардам беребиз”-деди Путин.
Ссылка: https://barometr.kg/content381
Добавить комментарий ×