Тажикстандын медицина мекемелерине 600дөн ашык лаборатория орнотулду

11 июль 2017 09:49 367 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Фароз» жеке компаниясы Тажикстандын медициналык мекемелерине 600дөн ашык экспресс-диагностика лабораторияларын орнотту. Компаниядан билдиришкендей, лабораториялар заманбап медициналык аппараттар менен жабдылган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, «Фароз» компаниясы лабораторияларды «Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык тууралуу» мыйзамдын алкагында орнотту.

Жаңы лабораторияларда ДНК тести, генетикалык жана имуннологиялык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен лабораториялардын кызматын пайдалануу бекер болбой турганын билдиришти.

Тажикстанда диагностика пайдалуу бизнес болуп эсептелет. Мурда бул тармак Дүйшөмбүдөгү «Нурафзо» компаниясы менен Авиценна атындагы клиникага «таандык болчу». Жергиликтүү эксперттер мындан ары бул багытта «Фароз» компаниясы лидерликке чыгат деп божомолдоп жатышат.

Мурдараак "Фароз" компаниясы жаңы бажы терминалын куруп пайдаланууга берген. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү Тажикстанга мунай жана суюлтулган газ импорттоо болуп саналат. Ошондой эле аталган компания ооган базарына күйүүчү май жеткирүү менен алектенет. ММКлардын маалыматы боюнча, компаниянын контролдук пакети Тажикстан президентинин туугандарына таандык.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3795



Добавить комментарий