Кургак учуктан балдарды сактайлы

23 декабрь 2016 17:17 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда төрөлүп жаткан наристелердин  көбү кургак учук менен ооруп, коомчулуктун да саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин да айласын кетирип турган чагы. Көбүнчө балдарды  убагында эмдөөгө алып барбай ооруну өтүштүрүп жиберип жаткандыгын  Бишкек шаардык №1 кургак учукка каршы балдар ооруканасынын башкы дарыгери  Абадкан Жусупбекова билдирди Башкы дарыгер ата-энелерге кайрылып “Ооруп жаткан бала  тамакты жакшы жебей,  түнкүсүн жөтөлүп,  бул жөтөл эки жумадан ашып кетсе, жана бала салмагын жогото баштаса токтоосуз  дарыгерге алып барыш керек.  Бул Кургак учуктун башталышы болушу мүмкүн.  Азыр кичине балдардын оорусу күчөп жаткан мезгил. Ошондуктан наристелердин өмүрүнө сак болуңуздар.  Бала төрөлөөрү менен берилчү “манту” деп аталган  ваксинадан эч качан качпаңыздар.  Себеби ал биринчилерден болуп баланы ар кандай оорулардан сактап коргоп калат” –деп билдирди.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content379



Добавить комментарий