Нарын дарыясына унаасы менен кулаган адамдын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Нарын районунун аймагында Кичи-Нарын дарыясына түшүп кеткен "Хонда Степвагон" унаасынын бир жүргүнчүсү табылды. Ал кечээ, 9-июлда 16:30да табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Эскерте кетсек, 8-июлда, саат 23:00 чамасында минивен Нарын-Өрүктам унаа жолундагы көпүрөдөн кулап кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон. Алардын бирөө унаадан чыгып, ал эми экинчиси чыккан же чыкпагандыгы белгисиз болгондуктан издөө иштери жүргүзүлгөн.
Куткаруучулар тарабынан жүргүнчүнүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content3763
Добавить комментарий ×