Марттан баштап биометрикалык паспорт берилет

23 декабрь 2016 14:59 699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул тууралуу  Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы  Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымына караганда учурда жаңы паспорттордун  үлгүсү даяр болуп калды. Эми март айынан баштап автоматтык түрдө биометрикалык паспорт  бериле баштайт. Мындан сырткары  балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү дагы  электрондук түрдө бериле баштайт. Мунун натыйжасында  башкалар жасалма туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасай алышпайт. Сарпашевдин айтымына каранганда учурда өкмөт электрондук базага өтүүгө камынууда. “Аз-аздан өкмөт  электрондук өкмөткө айланат. Биз паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү атайын чип менен жасай тургандай кылдык. Чиптин ичинде адамдын баардык маалыматтары болот. Бул жөн гана паспортту электрондук системага өткөрүү эмес,  өкмөттүн  ишинин жакшыртуусунун ачкычы болуп эсептелинет. Мурдагы паспорттордон бул паспорт дээрлик алмаштырылат”-дейт Төрага.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content376



Добавить комментарий